Кыргызстан климаттык тобокелдиктерге каршы күрөшүү боюнча эл аралык келишимге кол койду
Бүгүн, 30-октябрда жаратылыш министри Акыл Токтобаев Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) Кыргызстан жана Тажикстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Виктор Вецель менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, жолугушууда экологияны коргоо, туруктуу өнүгүү жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү маселелери талкууланды. Тараптар "Борбордук Азияда климаттык тобокелдиктерди башкаруу" программасын ишке ашыруу жөнүндө макулдашууга кол коюшту.
Документке ылайык, Германия долбоорго 13 миллион еврого чейин, Улуу Британия 8 миллион фунт стерлингге чейин каражат бөлөт. Долбоор, Борбордук Азиянын климаттык тобокелдиктерди башкаруу жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоого багытталып, 5 өлкөдө ишке ашырылары белгилүү болду.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















