super.kg logo

Таласта 74 жаштагы аксакал президентке каалоосун ыр менен жеткирди (видео)

 

Бүгүн, 2-ноябрда өлкө башчы Садыр Жапаровдон Таластын Кең-Арал айылынын 74 жаштагы тургуну спорт комплексине директор кылууну өтүндү. Мындай сураныч мамлекет башчысынын Таластын эли менен жолугушуусу учурунда айтылды.

Аксакал ыр менен спорт комплексинде болуп жаткан көйгөйлөрдү баяндап, жашылдандыруу үчүн президенттен 1 миллион сом белек катары керектигин жана облус губернатору убадалаган 800 миң сомду күтүп жатканын айтты.

"Комплексти жашылдандырууга сизден болсун белек,

Бир миллион эле жетет.

Президентибиз Жапаровдун жардамы деп,

Жаздырып коёт элек.

Эрмат Жумаевдин 800 миң сомдук убадасы бар,

Аны качан берет?

Уюшкан топ бар,

Жетекчилер, сотуна чейин коркуп турат...

...Уюшкан топту тыюу керек.

Комплекске мени жетекчи кылуу керек",- деди ал.

Аксакал президенттен жардамчысын жолуктурса, болгон көйгөйдү айтып берерин кошумчалады. Садыр Жапаров тургундан жашын сураганда, ал 74тө экенин айтты.

"74кө чыгып алып, анан спорт комплексти башкарам деп жатасызбы?",- деп күлдү өлкө башчы.






Таласта 74 жаштагы аксакал президентке каалоосун ыр менен жеткирди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: