Бишкекте кыргыз профессионал театрынын 100 жылдыгы белгиленүүдө
Бүгүн, 2-ноябрда, Бишкек шаарындагы эски аянтта кыргыз профессионал театрынын түптөлгөнүнө 100 жыл толгонуна арналган концерттик программа өтүүдө.
Майрамдык концерттин ачылышында өлкөдөгү театрлардын парады уюштурулду. Иш-чарада маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев жана мамлекеттик катчы Арслан Койчиев сөз сүйлөдү.
Концерттик программага кыргыз эстрадасынын белгилүү ырчылары жана чыгармачыл инсандар катышып, көрүүчүлөргө театрлаштырылган көркөм номерлер тартууланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















