super.kg logo

Кыргыз драма театрынын 100 жылдык тарыхына арналган 2 томдук китеп жарык көрдү (видео)

 

Кыргыз драма театрынын 100 жылдык мааракесине карата эки томдук китеп жарык көрдү. Бул тууралуу китептин автору Нуркыз Рыскул кызы социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, бир кылымдык театрдын тарыхын чогултуп, китепке топтоо оңой болгон эмес.

Кечээ, 2-ноябрда китептин бет ачар аземи өтүп, ага Кыргыз драма театрынын залкар инсандары, театр ишмерлери катышты. Китептин кызыл тасмасын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Айбек Дайырбеков баштаган улуу муундун өкүлдөрү кесишти.

Нуркыз Рыскул кызы бул эмгегин чыгармачылыгындагы жаңы бийиктик катары баалап, китептин жарык көрүшүнө колдоо көрсөткөн Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине, театр жетекчилерине, ошондой эле китепти даярдоодо бирге иштеген командасына жана ар дайым колдоо көрсөткөн жолдошуна ыраазычылыгын билдирди.






Кыргыз театрынын 100 жылдык тарыхына арналган 2 томдук китеп жарык көрдү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: