Футбол боюнча Азия кубогунун мөөнөтү жылдырылды
Сауд Арабиясында өтө турган футбол боюнча Азия кубогунун мөөнөтү жылдырылды. Тагыраагы, 2027-жылдын 7-январынан 5-февралына чейин өткөрүү пландалган турнир 2027-жылдын 23-декабрынан 2028-жылдын 21-январына чейин өтмөчү.
Кыргыз футбол биримдиги бүгүн, 3-ноябрда маалымдагандай, мындай чечимди Азия футбол конфедерациясынын Азия Кубогунун уюштуруу комитети жана Сауд Арабиясынын футбол федерациясы менен кеңири талкууларды жүргүзгөндөн кийин кабыл алынган. Буга аймактагы учурдагы өзгөчө кырдаал, анын ичинде олуттуу логистикалык кыйынчылыктар жана каттамдардын үзгүлтүккө учурашы сыяктуу жагдайлар себеп болгон. Эми турнирдин жаңы мөөнөттөрү бекитүү үчүн ФИФАга сунушталмакчы.
Белгилесек, бул континенталдык мелдешке Кыргызстандын улуттук курама командасы да катышат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















