super.kg logo

Караколдогу "Улан" заводунун аймагында эки жаңы өндүрүштү ишке киргизүү пландалууда

 

4-ноябрда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Улан" ААКсына барды. Каракол шаарынын мэри Талантбек Иманов ага ишкананын өндүрүштүк аймагын жандандырууга багытталган долбоорлорду тааныштырды.

Биринчи долбоор катерлерди жана яхталарды чогултуу жана оңдоо өндүрүшүн ишке киргизүүнү камтыйт. Учурда аймакта чогултуу цехи курулуп, алгачкы кемеге керектүү тетиктер жеткирилген. Ишкананын келерки жылы ишке киргизүү пландалууда.

Экинчи долбоор - 30 жылдан бери пайдаланылбай турган аймакта заманбап балык өстүрүү комплексин түзүү. Долбоордун алкагында жылына 1500 тоннага чейин балык өстүрүү каралган. Ошондой эле 100гө жакын жаңы жумуш орду түзүлөт.

Бассейндерде пайдаланылган суу жогорку технологиялуу тазалоочу курулмалардан өткөрүлөт. Ал эми тазалоодон калган калдыктар жер семирткич катары пайдаланылат.

Мындан тышкары, Ысык-Көлдүн жаратылыш байлыгын сактоого да өзгөчө көңүл бурулат. Форель өстүрүү менен катар Ысык-Көл чабагынын жана сига балыгынын популяциясын калыбына келтирүү иштери да жүргүзүлөт.

Бул долбоорлор Каракол шаарынын өнөр жай тармагын өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана тарыхый өндүрүш аймактарын натыйжалуу пайдаланууга жаңы






Караколдогу «Улан» заводунун аймагында эки жаңы өндүрүштү ишке киргизүү пландалууда

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: