super.kg logo

Испания: Поезддердин кагылышуусунан кийин транспорт министри отставкага кетти

 

Бүгүн, 4-ноябрда Испаниянын транспорт министри Оскар Пуэнте Толедо аймагындагы темир жол кырсыгынан улам отставкага кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Пуэнто бул чечим тууралуу өкмөт башчы Педро Санческе аны коомчулукка жарыялоодон бир нече мүнөт мурун кабарлаган.

"Испания сыяктуу өлкөнүн транспорт министри бир жылга жетпеген убакыттын ичинде эки ири кырсык катталгандан кийин өз кызматында кала албайт",- деди ал.

Эскерте кетсек, 28-октябрь күнү Урда шаарчасына жакын жерде эки поезд кырсыкка кабылып, 69 адамдын өмүрүн алган. Бул кырсык жыл башынан бери экинчи ири темир жол кырсыгы.

Оскар Пуэнте министрликтен гана кетпестен алдыда боло турган парламенттик шайлоого да катышпай тургандыгын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: