Ала-Арча суу сактагычында аңчылык эрежесин бузган жаран аныкталды (видео)
Ала-Арча суу сактагычынын аймагында аңчылык эрежелерин бузган жаранга 12 500 сом айып пул салынды. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, рейд министрликтин Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча аймактык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан жүргүзүлдү. Алар рейд учурунда жарандан калибри 4,5 миллиметр болгон пневматикалык курал табышкан. Аталган факт боюнча протокол түзүлүп, айып пул салынды.
Ала-Арча суу сактагычында аңчылык эрежесин бузган жаран аныкталды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















