super.kg logo

Караколдо 530 үй-бүлөгө ипотекалык батирлер тапшырылды (видео)

 

Каракол шаарында "Хан-Теңири" турак жай комплексинин II этабы пайдаланууга берилип, батир ээлерине ачкычтар тапшырылды. Бул тууралуу кечээ, 4-ноябрда Мамлекеттик ипотекалык компания билдирди.

Маалыматка караганда, курулуштун II этабында ар бири 10 кабаттуу 10 блоктогу 530 батир пайдаланууга берилди. Буга чейин I этапта 10 блоктогу 420 батир тапшырылган. Алгачкы эки этапта жалпы 950 батир пайдаланууга берилди.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Долбоор толук ишке ашканда 69 блокто 3 миңден ашуун батир курулуп, аймакта эки бала бакча жана бир мектеп салынары маалымдалды.






Караколдо Мамлекеттик ипотекалык компания курган үйлөрдүн ачкычтары тапшырылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: