“Шер” бригадасынын аскерлери 800 метр бийиктиктен парашют менен секиришти
ИИМдин Ички аскерлеринин “Шер” атайын багыттагы бригадасынын аскер кызматчылары Коргоо министрлигинин атайын багыттагы бөлүктөрүнүн аскерлери менен биргеликте парашюттан секирүү боюнча машыгуу өткөрүштү.
Маалыматка ылайык, аскер кызматчылары Ми-17 тик учагынан 600–800 метр бийиктиктен парашют менен секиришкен.
Машыгуунун жүрүшүндө алар теориялык билимдерин практикада бекемдеп, татаал шарттарда ыкчам аракеттенүү көндүмдөрүн өркүндөтүштү.
ИИМдин басма сөз кызматы белгилегендей, мындай машыгуулар аскер кызматчыларынын күжүрмөн даярдыгын жана кесиптик чеберчилигин жогорулатууга багытталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















