Бишкекте "Кыялымдагы Кыргызстан" жаштар форуму болуп өттү
Кечээ, 5-ноябрда Бишкек шаарындагы "Жаштык" аренада "Кыялымдагы Кыргызстан" аттуу жаштар форуму болуп өттү. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, форумда "Кыялымдагы Кыргызстан" жаштар сурамжылоосунун жыйынтыктары талкууланып, билим берүү, иш менен камсыз кылуу, ишкердикти өнүктүрүү жана жаштардын демилгелерин колдоо маселелерине көңүл бурулду. Ошондой эле ачык баарлашуулар, интерактивдүү аянтчалар жана жаштардын долбоорлорунун бет ачарлары уюштурулду.
Иш-чарада бир катар жарандарга министр тарабынан "Жаштар саясатынын отличниги" төш белгиси тапшырылды.
Аталган иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев жана өлкөнүн бардык аймактарынан келген жаштар жана түрдүү тармактардын өкүлдөрү катышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:13
2026-11-04
20:37
2026-11-03
14:07
2026-11-03
13:06
2026-11-03
11:29
2026-11-03
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















