Эки министр жана мэр президентке Бишкектеги мектеп көйгөйүн айтышты (видео)
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаада мектептер курулганы менен, тышкы жана ички миграциядан улам окуучулардын дагы саны өсүп жатканын билдирди. Ал бул тууралуу кечээ, 6-ноябрда президент Садыр Жапаровдун Чүйдүн Аламүдүн райондору менен болгон жолугушуусунда кабарлады.
"Бишкекке быйыл 12 миң 500 окуучу келди. Биз "20 мектеп куруп маселени жаптык" деген менен, балдардын саны өсүп жатат. Дагы болжолдуу 10 мектеп керек", - деди ал.
Агартуу министри борбор калаадагы мектептер 140 миң окуучуну батыра аларын белгилеп, бирок 270 миң бала окуй турганын билдирди. Догдуркүл Кендирбаева андыктан Бишкекке 50 мектеп жетишпестигин айтты.
Муну уккан өлкө башчы: "Мектептерди 20-30дап салып жатабыз, бирок дагы деле окуучулар көбөйүп калып жатыптыр да", - деди.
Курулуш министри Ак-Ордо конушуна 750 орунду мектеп салынганы менен, 4500 окуучу кирип калганын мисал кылды. Агартуу министри Орусиядан, АКШдан мекендештер көп келип жатышканын жана аймактардан келгендердин да балдары көбөйгөнүн кошумчалады.
Эки министр жана мэр президентке Бишкектеги мектеп көйгөйүн айтышты
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















