Төө-Ашууда жүк ташуучу унаа жардан кулап, 2 адам жабыркады (видео)
Чүй облусунда Бишкек–Ош унаа жолунда жүк ташуучу унаа жолдон чыгып кетип, эки адам жабыркады. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, кырсык 7-ноябрда саат 12:22 чамасында Бишкек–Ош унаа жолунун 155-чакырымында катталды.
Анда Ош облусун көздөй бара жаткан 1980-жылы туулган айдоочу Scania үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаасы менен түштүк багытты көздөй бара жатып, тормоздук тутуму иштебей калгандыктан, унааны башкара албай жолдон чыгып, бийиктиктен ылдый кулап кеткен.
Жол кырсыгынын кесепетинен айдоочу жана 2002-жылы туулган жүргүнчү ар кандай жаракаттарды алышкан. Алар Суусамыр айылынын "Тез жардам" кызматына кайрылып, медициналык жардам көрсөтүлдү.
Аталган факты боюнча материалдар топтолуп, Жайыл РИИБде катталып, тийиштүү текшерүү иштери жүргүзүлүүдөө.
Төө-Ашууда жүк ташуучу унаа кулады
0

Супер-Инфо
super.kg видео















