super.kg logo

Сүрөт тартуудан тартып IT жана инвестицияга чейин: Эми балаңызды курстарга MBANK аркылуу жаздырсаңыз болот

 

Балаңызга ылайыктуу ийримдерди издеп жатасызбы? Маалыматтар социалдык тармактарга жана чаттарга чачыранды болуп, баасын, сабактардын графигин жана дарегин өзүнчө тактоого туура келген учур сизге таанышпы? Эми бардык ийримдер жана курстар MBANK колдонмосундагы MJunior’дун жаңы «Балдар үчүн» кызматынын бирдиктүү каталогунда топтолду.

«Балдар үчүн» кызматында тандоо мүмкүнчүлүгү кеңири: сүрөт тартуу ийримдеринен тартып IT жана инвестиция боюнча окутууларга чейин. Балаңыз чыгармачылыкка кызыгабы же технологиялар менен каржы дүйнөсүн үйрөнгүсү келеби — ар бирине жаккан ийрим табылат. Бардык өнөктөштөр расмий катталган жана MJunior командасы тарабынан текшерилген.

Сунуштарды салыштырып, үйүңүзгө жакын жайгашкан ийримдерди табыңыз. Ылайыктуу вариантты тандадыңызбы? Балаңызды жаздырып, төлөмдү түз эле MBANK аркылуу жүргүзүңүз.

Ийримдерди балаңыз менен чогуу тандай аласыз. MJunior колдонмосунда ал жактырган ийримдерине жана курстарына лайк басып, аларды сиз менен бөлүшө алат. Бала уюштуруучулар менен түз байланыша албайт. Биз бул кызматты ыңгайлуулук үчүн гана эмес, балдарыбыздын коопсуздугу үчүн да түздүк.

Ийримди кантип тандоо керек?

  1. MBANK колдонмосун ачыңыз.
  2. «Кызматтар» бөлүмүнө кирип, андан соң «Бардык кызматтарды» ачыңыз.
  3. «Балдар үчүн» бөлүмүн тандаңыз.
  4. Балаңызга ылайыктуу ийримди тандаңыз.

Балаңыз кызматты MJunior колдонмосунан таба алат: «Кызматтар» бөлүмүнө өтүп, «Балдар үчүн» белгисин тандашы керек.

Ар бир балага жаккан ийрим табылат. MBANK’тагы «Балдар үчүн» жаңы кызматынан ийримдерди жана курстарды тандаңыз.

MBANK — Биринчи санарип! Кыргызстандын өнүмү!

КРУБ №014 лицензиясы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: