super.kg logo

Руслан Акун эпидемия тууралуу масштабдуу «2001» тасмасын көрүүчүлөргө тартуулайт

 

«Бейиш эненин таманында» жана «Нелегал: Через Мексику» тасмаларын жараткан команданын жаңы долбоору кыргыз киносуна жаңы багыт ачат.

Egemen студиясы жана AZO Originals Төлөмүш Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясынын колдоосу менен Руслан Акундун «2001» тасмасын тартуулайт. Тасма 2026-жылдын 24-декабрынан баштап өлкөнүн бардык кинотеатрларында көрсөтүлүп баштайт.

Тасма жөнүндө

2001-жылдын 1-сентябры. Аманат шаарын белгисиз вирус каптап, эки күндүн ичинде дээрлик бардык тургундар «кутургандарга» айланат. Вирустун жайылышын токтотуу үчүн аскерлер шаарды карантинге жабышат. Тозокко айланган шаардын борборунда, мектепте жана ооруканада, бир нече гана адам аман калат. Суусуз, тамак-ашсыз калган алар шаардан өз алдынча качып чыгууну чечишет. Бирок бул чечимдин баасы — адамдардын өмүрү.

«2001» — Бейпил жашоо бир заматта тозокко айланган учурда, сүйүүнү, ата-эненин жоопкерчилигин жана адамдын бекемдигин чагылдырган тасма.

Тасма 2026-жылдын август-сентябрь айларында тартылган. Айрым сценалар үчүн чет элден Кыргызстанга атайын техника алынып келинип, чет элдик адистер да чакырылган. Тасманы тартуу ар кайсы өлкөлөрдүн адистерин бириктирип, аянтчадагы тажрыйба алмашуу долбоордун ар бир катышуучусу үчүн баалуу болду.

Башкы ролдордо: Эмиль Эсеналиев, Айсанат Эдигеева, Омурбек Израилов, Нуркыз Токтогонова, Улан Омуралиев, Эрбол Русланов, Адеми Авасканова, Саламат Калыбек уулу, Калипа Таштанова, Аделина Сатыбалдиева, Айсалкын Кыйыкбаева, Турганбубу Бообекова, Бекбол Майрамбеков, Азалия Сабырова, Жанара Борисова, Бакытбек Тороев, Изатулла Мамасадыков жана башкалар.

Тасма 2026-жылдын 24-декабрынан баштап Кыргызстандын бардык кинотеатрларында көрсөтүлөт. Улуттук прокаттан кийин тасма Казакстан жана Өзбекстан кинотеатрларында кеңири прокатка чыгат.

ЖМК үчүн байланыш
Мелис Абдибаитов, PR-адис
Тел.: +996 777 569 851
E-mail: abdibaitovmelis@gmail.com






Руслан Акун эпидемия тууралуу масштабдуу «2001» тасмасын көрүүчүлөргө тартуулайт

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: