super.kg logo

"Пенсия инфляцияга туруштук бере алабы?" Жогорку Кеңеште маселе көтөрүлдү (видео)

 

Кыргызстанда пенсиянын көбөйүшү инфляциянын өсүшүнө канчалык шайкеш келери бүгүн 18-ноябрда Жогорку Кеңеште талкууланды. Депутат Дастан Бекешев пенсия көбөйгөнү менен, баалардын өсүшүнөн улам бул өзгөрүү жарандарга анчейин сезилбей жатканын белгиледи.

Жыйында эл өкүлү Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиевден келерки жылы пенсияны жогорулатуу боюнча кандай эсептөөлөр бар экенин сурады.

"Кийинки жылы пенсияга кошулат деп айтып жатасыңар. Эсеп барбы, кимдерге жана канча кошулат?",- деди Бекешев.

Бактияр Алиевдин айтымында, келерки жылдын бюджетине пенсияны жогорулатуу үчүн 1 миллиард 300 миллион сом каралган. Ал жыл сайын бюджетке пенсияны 7 пайызга көтөрүү боюнча эсеп киргизилерин, бирок камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүүсүнө жараша бул көрсөткүч көбөйүшү мүмкүн экенин айтты.

Буга байланыштуу Бекешев: "Анда пенсия 7 пайызга эле көбөйөбү? Келерки жылга инфляциянын болжолдуу көрсөткүчү канча?",- деп тактады.

Социалдык фонддун төрагасы 2026-жылы пенсияны 7 пайызга көтөрүү пландалганы менен, иш жүзүндө 20 пайызга жогорулатылганын билдирди.

Мындан кийин депутат министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевге кайрылып, айлык акы, пенсия жана жөлөкпулдардын өсүшү инфляциянын айынан жарандарга анчейин сезилбей жатканын айтты.

"Өлкөдө өнүгүү бар экенин эч ким тана албайт. Бирок пенсия, жөлөкпул жана айлык акылар көбөйгөнү менен, инфляция жогору болгондуктан, бул өсүш анчейин байкалбай калууда. Көйгөй ушунда",- деди Бекешов.

Бактияр Алиев пенсияны эсептөөдө мыйзамга ылайык, өткөн жылдагы инфляция жана орточо айлык акынын өсүшү эске алынарын түшүндүрдү. Анын айтымында, быйыл пенсияны 13 пайызга жогорулатуу каралган, бирок иш жүзүндө 20 пайызга көбөйтүлгөн.

"Келерки жылы деле, буюрса, жакшы көтөрөбүз",- деп кошумчалады Соцфонддун төрагасы.






"Пенсия инфляцияга туруштук бере алабы?". Жогорку Кеңеште маселе көтөрүлдү (видео)

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: