Адамгерчиликти жаныбарларда көрсөтүшөт: АКШнын сенатору батумилик иттин видеосун жарыялады
Американын Нью-Жерси штатынын сенатору Кори Букер өзүнүн Инстаграмдагы баракчасына иттин кичинекей балдарга жолдон өтүүгө жардам берип өткөзүп жатканы тууралуу видео жүктөдү.
"Арабыздагы коргоочуларга таазим! Башкаларга көз салып турган, коркунучтун алдын тоскон жана ар дайым жардамга келгендер үчүн! Адамдык сапатты ар дайым эле адамдар көрсөтө бербейт. Кээде аны жаныбарлар да далилдешет", - деп ал өз баракчасында билдирүү калтырган.
Видеонун алдында комментарий жазгандар бул окуя Грузиянын Батуми шаарында бир нече жыл мурда болгонун, жана бул иттин аты Купата экенин, ошондой эле ал каза болуп калганын жазышууда.
Мындан тышкары Батуми шаарынын айрым көчөлөрүнүн биринде жайгашкан үйлөрдө Купатанын сүрөтү тартылганы белгилүү болду.
Адамгерчиликти жаныбарларда көрсөтүшөт: АКШнын сенатору батумилик иттин видеосун жарыялады
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:01
2026-11-19
14:49
2026-11-19
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















