"Медузаны" аткарган ырчы Matrang эки жылдык тыныгуудан кийин чыгармачылыкка кайтты
"Медуза" ыры менен миллиондогон угармандарга таанылган ырчы Matrang кайрадан чыгармачылыкка кайтты. Аткаруучу дээрлик эки жылдык тыныгуудан кийин социалдык тармактагы баракчасына жаңы билдирүү жарыялап, "Но забудь" аттуу ырын тартуулады.
Маалым болгондой, анын чыныгы аты - Алан Хадзарагов. Ырчы 2024-жылдын башында Орусиядан Таиландга кеткенден кийин бир топ кыйынчылыктарга туш болгон. Ошондон бери ырчы коомчулук менен дээрлик байланышпай келген.
Ал эми бул жолу анын жаңы чыгармасы менен кайрадан кайтып келиши социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратып, күйөрмандарын кубантты.
Белгилей кетсек, Matrang "Медуза" ыры аркылуу кеңири таанылып, бир кезде музыкалык хит-параддардын сап башынан орун алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:24
2026-11-19
17:01
2026-11-19
14:49
2026-11-19
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















