Жанар Жолдошева Ташкенттеги дүйнө чемпиондугунда күмүш медаль тагынды
Кыргызстандык дзюдочу Жанар Жолдошева Өзбекстандын Ташкент шаарында өтүп жаткан жаштар арасындагы дзюдо боюнча дүйнө чемпиондугунда күмүш медаль жеңди.
Ал Tashkent World Championships Juniors Individuals 2026 мелдешинин финалына чейин ийгиликтүү жетип, алтын байге үчүн күч сынашты.
Мелдештин жыйынтыгында Жанар Жолдошева экинчи орунду ээлеп, дүйнө чемпиондугунун күмүш байгесинин ээси болду.
Белгилей кетсек, Ташкентте 21 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында дүйнө чемпиондугу өтүп жатат. Кыргызстандын намысын 9 улан жана 9 кыз, жалпы 18 спортчу коргоодо. Дүйнөнүн 82 өлкөсүнөн 600гө жакын жаш балбан катышып жаткан мелдеш 22-ноябрга чейин уланат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:22
2026-11-27
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















