super.kg logo
  Спорт  

Грэпплинг боюнча Дүйнө чемпиондугунда кыргызстандык спортчулар коло медаль утушту

 

Азербайжандын Баку шаарында өтүп жаткан грэпплинг боюнча Дүйнө чемпиондугу 20 жашка чейинки спортчулар арасында Кыргызстандын курама командасынын үч мүчөсү коло медалга ээ болушту. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 58 килограммга чейинки салмакта Абдусомад Тынчтыкбекбеков франциялык Мохамед Суфи Шираз Ахмадды 8:1 эсебинде, 62 килограммда Селим Зунур өзбекстандык Абдулатиф Мадаминовду 4:0, ал эми 77 килограммда Султан Русланбеков француз спортчусу Адеме Азиезди 1:0 эсебинде жеңишти.

Белгилей кетсек, кечээ, 24-ноябрда кыргызстандык спортчу кыздар Саида Сабырова алтын, Кенчгүл Жээнбекова күмүш медаль жеңип алышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: