super.kg logo
  Спорт  

Балбан Малик Шабаевге Нальчиктен батир белекке берилди (видео)

 

2026-жылкы Дүйнө чемпиондугунда коло медаль уткан орусиялык балбан Малик Шабаевге Нальчик шаарынан жеке ишкерлер тарабынан батир белекке берилди. Бул тууралуу спортчунун жакындары социалдык тармактагы баракчасына кабарлашты.

Маалым болгондой, батирден ташкары, 1 миллион рубль акчалай сыйлык тапшырылды.

Белгилей кетсек, балбан 2025-жылдан бери эркин күрөш боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын атынан мелдештерге катышат. Ошондой эле Казакстанда октябрда өткөн Дүйнө чемпиондугунда өлкө капчыгына коло байге алып келди.

Ал буга чейин мелдештерде Орусиянын атынан чыгып келген. Ачык булактарда Шабаев спортко биринчи кадамдарын Нальчиктен баштаганы маалым.






Малик Шаваевге Нальчиктен батир белек кылышты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: