super.kg logo

Шанхайда Роналдунун жети метрлик айкели орнотулду (видео)

 

Кытайдын Шанхай шаарында португалиялык футболчу Криштиану Роналдунун жети метрлик айкели ачылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары билдирди.

Маалым болгондой, Шанхайда аянты 3 миң чарчы метрди түзгөн "CR7" музейи ачылды. Анда футболчунун 40 тан ашык жеке буюму, анын ичинде кубоктору, формалары жана бут кийимдери коюлган. Ага ылайык, футболчунун айкели музейдин ачылышына карата орнотулду. Айкелде спортчунун гол киргизгенден кийинки белгилүү "Siuuu" деген жаңсоосу чагылдырылган.

Айкелдин ачылышына футболчунун агасы Угу Авейру жана жакын досу Мигел Пайшау катышты. Ал эми Роналду өзү салтанатка келбегени белгилүү болду.






Роналдунун Шанхайдагы айкели

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: