"Wildberries’тин" негиздөөчүсү Татьяна Ким кызматынан кетти

Бүгүн, 21-ноябрда Татьяна Ким "Wildberries" компаниясынын башкы директору кызмат ордунан кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдирди.
Маалым болгондой, ал ошондой эле "Wildberries" ЖЧКсынын уюштуруучуларынын курамынан да чыкты. Кызматтан кетүүсүнүн себеби азырынча расмий түшүндүрүлө элек.
Ал эми, анын ордуна Алексей Куликов жетекчи болуп дайындалды.
Белгилей кетсек, компания Татьяна Ким жана анын мурдагы жолдошу Владислав Бакальчук тарабынан 2004-жылы негизделген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:51
2026-11-20
23:46
2026-11-20
23:38
2026-11-20
23:00
2026-11-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















