Ысык-Көлдүн Көк-Сай айылында 155 миллион сомго жаңы мектеп курулууда (видео)
Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Көк-Сай айылында 275 орундуу жаңы мектеп курулууда. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, объекттин жалпы наркы 155 миллион сомду түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, мектептин курулушу 2025-жылдын ноябрь айында башталган. Бүгүнкү күндө эки кабаттуу имарат тургузулуп, ички шыбак иштери жүргүзүлүүдө.
"Архитектуралык долбоорго ылайык, имараттын жалпы аянты 3036 чарчы метрди түзүп, төрт блоктон турат. Мектепте негизги окуу класстары, лаборатория, компьютердик класс, ашкана, китепкана, дарыгердин бөлмөсү, жыйындар залы жана бардык шарттары каралган спорт залы жайгашат", — деп айтылат маалыматта.
Ысык-Көлдүн Көк-Сай айылында 155 миллион сомго жаңы мектеп курулууда (видео)
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:12
2026-11-23
23:40
2026-11-22
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















