Паоло Булгари 89 жашында көз жумду
Италиялык белгилүү зергер, Паоло Булгари 89 жашында Рим шаарында каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка ылайык, анын каза болгонун үй-бүлөсү 21-ноябрда билдирди. Паоло Булгари 1960-жылы үй-бүлөлүк компанияга кошулуп, 1984-жылы аны жетектей баштаган. Анын жетекчилиги алдында бренд зер буюмдардан тышкары саат, атыр жана аксессуарларды чыгаруу багытында кеңейген.
"Bulgari" бренди өзгөчө түркүн түстүү асыл таштары жана жылан формасындагы "Serpenti" коллекциясы менен белгилүү. Коллекциянын алгачкы үлгүлөрү 1948-жылы чыккан.
Аталган брендинин зер буюмдарын Элизабет Тейлор, Софи Лорен, Одри Хепберн жана Николь Кидман сыяктуу дүйнөлүк жылдыздар тагынышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















