Боомдо жүк ташуучу унаа эки жеңил унаа менен кагылышты (видео)
Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун 134-чакырымындагы Боом капчыгайында жүк ташуучу унаа эки жеңил унаа менен кагылышты. Маалыматты Чүй облустук ЖКККБнын басма сөз кызматы SUPER.KG порталына тастыктады.
Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 22-ноябрда болжол менен саат 16:30да катталган. Анда жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, жолду бөлүп турган тосмону сүзүп, каршы тилкеге чыгып кеткен. Натыйжада Hyundai Sonata жана Ford Focus үлгүсүндөгү унаалар менен кагылышкан.
Жол кырсыгынын кесепетинен үч адам жабыркап, Кемин райондук аймактык ооруканасына жеткирилди.
Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.
Боомдо жүк ташуучу унаа эки жеңил унаа менен кагылышты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















