Бишкекте төрт унаа катышкан жол кырсыгы катталды (видео)
Кечээ, 22-ноябрда саат 22:30 чамасында Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматов проспектисинде төрт унаа кагылышты. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, түштүктү көздөй бара жаткан Toyota Prius унаасы алдында бара жаткан Changan унаасын артынан сүзгөн. Соккудан Changan алдыдагы Hyundai Sonata унаасын, ал эми Hyundai Sonata өз кезегинде Subaru Outback унаасын сүзүп токтогон.
"Кырсыктан кийин Changan автоунаасынын 2000-жылы туулган айдоочусу башынан жабык жаракат алган деген шек менен Улуттук ооруканага амбулатордук жардам алуу үчүн кайрылган",-деп кошумчаланды маалыматта.
Бишкекте төрт унаа катышкан жол кырсыгы катталды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:59
2026-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















