Умар Нурмагомедов чуулгандуу окуядан кийин алгачкы ирет эл алдына чыкты (видео)
30 жаштагы орусиялык ММА мушкери Умар Нурмагомедов иниси Усман менен Абу-Дабидеги абактан бошотулгандан кийин алгачкы ирет билдирүү жасап, машыгуу учурундагы видео менен бөлүштү.
Ал Instagram баракчасына: "Кыйынчылыктар ар бир адамдын жолунда кездешет. Аларды кантип жеңерибиз гана биздин ким экенибизди аныктайт", - деп жазды.
Эске салсак, 11-ноябрда Абу-Дабидеги мейманканалардын биринде Усман Нурмагомедов менен грузиялык мушкер Мераб Двалишвилинин командаларынын ортосунда массалык мушташ чыккан. Окуядан кийин бир нече адам кармалып, сот аларга алты айлык эркинен ажыратуу жазасын берген. Окуядан кийин Хабиб Нурмагомедов Абу-Дабиге барып, инилерин бошотуп Орусияга алып келди.
UFC: Умар Нурмагомедов абактан чыккандан кийинки алгачкы билдирүүсүн жарыялады
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:38
2026-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















