Казакстан электрондук өкмөттү өнүктүрүү боюнча дүйнөдө 16-орунга чыкты
Казакстан Бириккен Улуттар Уюмунун электрондук өкмөттү өнүктүрүү индексинде (UN EGDI) 24-орундан 16-орунга көтөрүлдү. Бул тууралуу БУУнун баяндамасында айтылганын чет элдик басылмалар жызушууда.
Маалыматка ылайык, өлкө бул ирет алгачкы жолу рейтингдин эң жогорку категориясына кирди. Бул категорияга электрондук өкмөтү өнүккөн 21 мамлекет кирет. 2026-жылы алардын катарына Казакстан, Ирландия жана Польша биринчи жолу кошулду.
"Казакстандын индекси 0,9009дан 0,9363кө чейин жогорулады. Ал эми дүйнөлүк орточо көрсөткүч 0,6675ти түзөт. Акыркы эки жылда өлкө Швеция, Германия, Ирландия, Жаңы Зеландия, Австрия жана Япониядан алдыга чыккан. Ошондой эле Эстония менен болгон айырма төрт эсеге кыскарды", - деп белгиленди маалыматта.

Мындан тышкары, мобилдик байланыш жана интернеттин жеткиликтүүлүгү боюнча Казакстан 41-орундан 13-орунга, билим берүү жана көндүмдөрдүн деңгээли боюнча болжол менен 42-орундан 28-орунга көтөрүлдү.
"Бүгүнкү күндө Казакстанда мамлекеттик кызматтардын 90 пайыздан ашыгы онлайн көрсөтүлөт. eGov.kz порталында 16,4 миллиондон ашык колдонуучу катталган. 2026-жылдын январь-октябрь айларында портал аркылуу 51 миллиондон ашык кызмат көрсөтүлүп, алардын дээрлик үчтөн экиси смартфон аркылуу алынды. Өлкөдө ошондой эле жаңы муундагы eGov системасы ишке киргизилип, Санариптик кодекс кабыл алынды. Жасалма интеллект боюнча мыйзам күчүнө кирип, alem.ai эл аралык жасалма интеллект борбору ачылды", - деп кошучалынды.
Казакстандын премьер-министринин орун басары, жасалма интеллект жана санариптик өнүктүрүү министри Жаслан Мадиевдин айтымында, жетишилген көрсөткүчтөр системалуу иштин натыйжасы. Ал өлкөнүн кийинки максаты жарандарга керектүү кызматтарды алардын кайрылуусун күтпөстөн сунуштай алган мамлекеттик системаны түзүү.
Белгилей кетсек, БУУнун электрондук өкмөт боюнча изилдөөсү эки жылда бир жарыяланып, уюм 193 мамлекетти өзүнө камтыйт. Анда онлайн кызматтардын сапаты, телекоммуникациялык инфраструктура жана адам капиталы каралат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















