Дүйнө чемпиону Данияр Мелисовго айылдаштары аргымак мингизишти (видео)
Кечээ, 23-ноябрда дзюдо боюнча дүйнө чемпиону Данияр Мелисовду айылдаштары салтанаттуу тосуп алышты. Бул тууралуу анын жакындары социалдык тармактарга жарыялады.
Маалым болгондой, Жангарач айылынын тургундары спортчунун чоң жетишкендигине кубанып, аны өзгөчө урмат-сый менен тосуп алышты. Жеңиштин урматына эң башкы белек катары, Даниярга аргымак мингизишти. Ошондой эле, жолугушуу учурунда чемпионго ак тилектерин айтып, мындан аркы спорттук карьерасына ийгиликтерди каалашты.
Белгилей кетсек, Данияр Мелисов Ташкент шаарында өткөн 21 жашка чейинки спортчулар арасындагы дзюдо боюнча дүйнө чемпиондугунда 90 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, алтын медаль жеңип алган.
Данияр Мелисовго аргымак мингизишти
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:34
2026-11-22
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















