Жалал-Абадда курулуш компаниясына 2,2 миллион сом айып пул салынды (видео)
Жалал-Абад шаарындагы 5 курулуш объектин текшерүүнүн жыйынтыгында бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу бүгүн 24-ноябрда Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаментинин Жалал-Абад аймактык башкармалыгы тарабынан "Бест Хаус Гранд" компаниясына таандык курулуш объекттери текшерилди:
- Жамашев көчөсү 135 - 12 кабаттуу, 9 блоктон турган объект;
- Барпы Сейил көчөсү 179 - 9 кабаттуу, 5 блоктон турган объект;
- Абдрахманов көчөсү 3А - 15 кабаттуу, 27 блоктон турган объект;
- Абдрахманов көчөсү 7/1 - 12 кабаттуу, 11 блоктон турган объект.
- Абдрахманов көчөсү 10/16- 15 кабаттуу, 20 блоктон турган объект.
Натыйжада курулуш ченемдеринин, эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын талаптары сакталбагандыгы, ошондой эле жумуш орундарын уюштурууда кемчиликтер бар экени аныкталды.
Анын жыйынтыгында мыйзам бузууларды жоюу боюнча көрсөтмөлөр берилип, компанияга жалпы 2 миллион 200 миң сом айып пул салынды.
Жалал-Абадда курулуш компаниясына 2,2 миллион сом айып пул салынды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:13
2026-11-24
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















