super.kg logo

Кыш-жазда күчөгөн менингит: Кыргызстандагы акыркы абал кандай?

 

Кыргызстанда 2026-жылдын январь-октябрь айларында менингиттин 35 учуру катталды. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 35,2 пайызга аз. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын ушул эле мезгилинде 54 учур катталган. Быйыл оорунун 100 миң адамга карата көрсөткүчү 0,5ти түзсө, былтыр 0,7 болгон.

Адистердин маалыматына караганда, менингококк инфекциясы көбүнчө кыш-жаз айларында, февраль-май мезгилинде күчөйт. Оору аба аркылуу, негизинен, жакын жана узак убакыт байланышта болгондо жугат. Ага 14 жашка чейинки балдар, айрыкча жаш балдар көбүрөөк дуушар болушат.

Оорунун негизги белгилери — дене табынын капыстан көтөрүлүшү, катуу баш оору, кусуу, алсыздык жана желке булчуңдарынын катып калышы. Оор учурларда териде кан куюлууга мүнөздүү бүдүрлөр пайда болушу мүмкүн.

Оорунун алдын алуу максатында калкка жайларды үзгүлтүксүз желдетүү, ооруп жаткан адамдар менен жакын байланышта болбоо, жеке жана респиратордук гигиена эрежелерин сактоо сунушталат.

"Дене табы жогорулап, катуу баш оору, кайталап кусуу, териде кан куюлууга мүнөздүү бүдүрлөр же башка шектүү белгилер пайда болгон учурда тез арада медициналык жардамга кайрылуу зарыл",- деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: