super.kg logo

Ысык-Көл, Соң-Көл жана Токтогул суу сактагычынан 372 чакырымдан ашык балык уулоочу тор чыгарылды

 

Ысык-Көл, Соң-Көл жана Токтогул суу сактагычынан жалпы 372 миң 400 метр синтетикалык балык уулоочу тор жана 25 тоннадан ашык таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, тазалоо иштери президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын алкагында тиешелүү мекемелер тарабынан биргеликте жүргүзүлгөн.

Анын ичинен:

* ӨКМдин суучулдары 157 миң 800 метр;
* Туристтик-экологиялык милиция кызматы 95 миң 600 метр;
* Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги 119 миң метр тор чыгарган.

Чогултулган браконьердик торлор жана таштандылар Бишкектеги таштандыны кайра иштетүүчү ишканага жеткирилип, утилдештирилди.

Аталган иш-чара өлкөнүн суу ресурстарын сактоого жана айлана-чөйрөнү коргоого багытталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: