Айыл чарба тармагына 178 миллион сомдук техника тапшырылды
Бүгүн, 24-ноябрда айыл чарба тармагындагы эки илимий мекемеге жана алардын аймактык бөлүмдөрүнө жалпы баасы 178 миллион 801 миң сомдук 70 даана техника тапшырылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, техникалардын ачкычтарын айыл чарба министри Эрлист Акунбеков тапшырды. Анын 21и Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо жана багбанчылык департаментине, 49у Кыргыз дыйканчылык илим-изилдөө институтуна бөлүндү.
"Жаңы техникалардын катарында тракторлор, дан жыйноочу жана селекциялык комбайндар, үрөн сепкичтер, үрөн тазалоочу жабдуулар, картошка отургузуучу жана казуучу техникалар бар. Техникалар Дүйнөлүк банктын "Туруктуу агроазык-түлүк кластерлерин өнүктүрүү" долбоорунун алкагында сатып алынды. Алар үрөнчүлүк системасын өркүндөтүүгө, сапаттуу үрөн жана көчөт өндүрүүнү жакшыртууга багытталат", — деп айтылат маалыматта.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















