Медициналык калдыктар кадимки таштандыда: Ошто сулуулук салондоруна айып пул салынды
Ош шаарында сулуулук салондоруна жана косметологиялык кызмат көрсөтүүчү жайларга рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 23-ноябрда жарандардын социалдык тармактар аркылуу кайрылууларынын негизинде Муниципалдык инспекция жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы биргеликте текшерүү жүргүзгөн.
Рейддин жүрүшүндө айрым сулуулук салондору медициналык калдыктарды белгиленген тартипте жок кылбастан, тиричилик таштандылары менен кошо ыргытып жүргөнү аныкталган.
Аталган фактылар боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 115-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык протоколдор түзүлүп, 23 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган.
Муниципалдык инспекция жеке жана юридикалык жактарды санитардык талаптарды так сактоого жана медициналык калдыктарды белгиленген тартипте жок кылууга чакырды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















