Эргежээлдердин футболдогу беттеши мушташ менен коштолду (видео)
Бою кыска адамдардан түзүлгөн футболчулардын беттеши массалык мушташ менен коштолду. Футбол боюнча дүйнөлүк мелдеште Марокко жана Колумбия курамаларынын футболчулары ортосунда чыр чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдирди.
Маалыматка ылайык, чыр тайпалык баскычтагы оюндан кийин болгон. Беттеш 1:1 эсебинде аяктап, Колумбиялык футболчулардын тең чыгуу жыйынтыгын майрамдашы экинчи команданын нааразычылыгын жаратты.
"Алгач сөз талаштан башталган жаңжал, көп өтпөй мушташка айланып, ага эки команданын футболчулары жана машыктыруучулар аралашкан. Чырды коопсуздук кызматкерлери менен полиция кызматкерлери араң ажыраткан", - деп билдирди уюштуруучулар басылмаларга.
Футболдогу эргежээлдердин массалык чыры
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:12
2026-11-24
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















