Агасына донор болуу үчүн ырайым берилген жаран үйүнө барды (видео)
Агасына бөйрөгүн донор катары берүүгө даяр болгон жаран абактан бошотулгандан кийин үйүнө келди. Бул тууралуу кечээ, 25-ноябрда анын агасы Рустам Гапуров соцтармактагы баракчасына видео жарыялады.
Ал видеого: "Биздин үйдө сайран. Президентке, эл-журтка, досторго, урук-туугандарга чоң рахмат. Үй-бүлөбүздүн атынан терең ыраазычылык билдирем",- деп жазды.
Эске салсак, буга чейин президент Садыр Жапаров Аксы районунун тургундары менен жолугушканда Рустам Гапуров инисине ырайым берүүнү өтүнгөн. Ал иниси Орусияда экстремизм боюнча айыпталып, Кыргызстанга экстрадицияланганын, 7 жыл жаза өтөп, дагы 3 жылдык мөөнөтү калганын айткан.
Ошондой эле иниси ага бөйрөгүн донор катары берүүгө даяр экенин билдирген.
Кийин президенттин ырайымы менен иниси абактан бошотулган.
Агасына донор болом деген жаран үйүнө келди (видео)
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















