Бишкекте унааларын тыюу салынган жерге токтоткон айдоочулар жоопкерчиликке тартылууда
Бишкекте милиция кызматкерлери унааларды токтотуу жана токтотуп коюу эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөөдө. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ИИББнын Басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кайгуул милициясынын кызматкерлери жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында тиешелүү иш-чараларды байма-бай жүргүзүп жатышат.
Унааларын тыюу салынган жерлерге калтырган айдоочуларга Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 188-беренесине ылайык протоколдор түзүлүүдө.
Милиция борбор калаанын тургундарын жана конокторун жол эрежелерин так сактоого, унааларын тыюу салынган жерлерге токтотпоого жана жол кыймылынын башка катышуучуларына тоскоолдук жаратпоого чакырды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:31
2026-11-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















