"Мен мындайды күткөн эмесмин" деген бала Дайырбек Орунбеков менен жолугушту (видео)
Бүгүн, 25-ноябрда президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Дайырбек Орунбеков күлкүлүү сөздөрү аркылуу таанылып калган Нурзаман менен жолугушкан видеосун социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Алар Оштогу Коо-Чаты айылында болгон иш-чарада жолугушту. Видеодо, Орунбеков менен Нурзаман жанаша басышып, андан "Мени айылыңа келип калат деп күттүң беле?", - деп сурап, жаш баланын элге таанылган сөздөрү менен тамашага салды.
Эске салсак Нурзамандын кар жиреп мектепке бара жаткан учуру социалдык тармактарга тараган. Кийин ал Президенттик балатыга чакырылып, ал жактан иш-чаранын жакшы өтүп жаткандыгын айтып: "Мен мындайды күткөн эмесмин, абдан жакшы сезимде болуп жатамын", - деп чоң кишидей сүйлөп кеңири таанылган.
Мен мындайды күткөн эмесмин... Нурзамандын Орунбеков менен жолугушуусу
0

Супер-Инфо
super.kg видео















