"Мугалим окутуп, дарыгер дарыласын". Депутат кагаз иштерин ЖИге жүктөөнү сунуштады (видео)
Бүгүн, 26-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев дарыгерлер менен мугалимдердин кагаз иштерин азайтуу үчүн жасалма интеллектти колдонуу керектигин айтты.
Анын белгилешинче, дарыгерлер бейтапты 10 мүнөт караса, дагы 20 мүнөт медициналык документтерди толтурууга коротушат. Бул ооруканаларда бейтаптардын кезек күтүүсүнө себеп болууда.
Депутат Саламаттык сактоо министрлигине жасалма интеллектти киргизип, дарыгер менен бейтаптын сүйлөшүүсүн аудио аркылуу жаздырып, аны автоматтык түрдө текстке айландыруу тапшырмасын берүүнү сунуштады.
Ошондой эле мугалимдердин ар кандай пландарды кол менен толтуруп, басып чыгарып, кол коюу сыяктуу иштерин кыскартуу зарылдыгын белгиледи.
"Мугалим окутуш керек. Дарыгерлер кагаз толтурбай, адамдарды дарылаш керек. Мен ушуну өкмөттөн суранат элем", — деди Бекешев.
"Мугалим окутуп, дарыгер дарыласын". Депутат кагаз иштерин ЖИге жүктөөнү сунуштады
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















