Ташкентте калган зыяратчылар: "Нур Умра Трэвелдин" аккредитациясы жокко чыгарылды
"Нур Умра Трэвел" жоопкерчилиги чектелген коомунун 2026-2027-жылдардагы умра сезонунда зыяратчыларды жөнөтүү жана уюштуруу боюнча аккредитациясы жокко чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мындай чечим 25-ноябрда өткөн ажылык жана умра сапарына даярдык көрүү боюнча мекемелер аралык комиссиянын жыйынында кабыл алынды. Ошондой эле КМДБ менен компаниянын ортосунда түзүлгөн келишимди бир тараптуу токтотуу чечими чыгарылды.
"Ушуга байланыштуу жарандарга аталган компания аркылуу умрага катталбоо, келишим түзбөө жана акча төлөбөө эскертилди. Компаниядан сертификат алгандарга да сапарга чыкпоо сунушталды",- деп айтылат маалыматта.
Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы жарандарды умра сапарына катталуудан мурда туристтик компаниянын аккредитациясы жана сапар уюштурууга укугу бар-жогун тактап алууга чакырды.
Эске салса кетсек, буга чейин аталган компания аркылуу умрага барууну көздөгөн 140ка жакын кыргызстандык виза жана авиабилет маселесинен улам Ташкенттин аэропортунда калып калган. Окуядан кийин компаниянын жетекчиси кармалган.
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев компания жарандарды визасыз жана авиабилетсиз жөнөткөнүн айтып, анын лицензиясын жокко чыгаруу маселесин көтөргөн.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















