Болгаркадан баңгизат табылып... Нарында 3 жаран камакка алынды
Нарын облусунда баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелген 3 жаран камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда облустук милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, Ат-Башы районунун Бирдик айылынын тургунуна такси аркылуу жеткирилген болгарканын ичинен 11 грамм гашиш баңгизаты табылган. Текшерүүнүн жүрүшүндө бул ишке Бишкекте жана Жалал-Абад облусунда жашаган жарандардын тиешеси бар экендиги аныкталган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголуп, 3 жаран эки айга камакка алынды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:01
2026-11-26
12:23
2026-11-26
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















