super.kg logo

Бишкек мэриясы айып төлөбөгөн 29 курулуш компаниясынын тизмесин жарыялады

 

Бишкек мэриясы көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн салынган айып пулдарды төлөбөй келген 29 курулуш компаниясынын тизмесин жарыялады. Алардын жалпы карызы 12 миллион 424 миң сомду түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда муниципалитет билдирди.

Маалыматка ылайык, компанияларга карата көрктөндүрүү эрежелерин жана экологиялык талаптарды бузгандыгы үчүн 603 административдик протокол түзүлгөн.

"Белгиленген мөөнөттө милдеттенмелер аткарылбаган учурда мыйзамда каралган чаралар көрүлөт. Анын ичинде салынган айып пулдарды төлөбөгөн компаниялардын курулуш объектилериндеги иштерди убактылуу токтотуу маселеси каралууда", - деп айтылат маалыматта.

Шаар бийлиги көрктөндүрүү эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө иштерин улантарын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: