super.kg logo

Бишкектин Ак-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектеп жакында пайдаланууга берилет

 

Бишкек шаарындагы Ак-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулуш иштеринин 95 пайызы аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мектептин жалпы аянты 5 миң 257 чарчы метрди түзөт. Эки кабаттуу имарат беш блоктон турат. Анда окуу класстары, лабораториялар, китепкана, ашкана, медициналык бөлмө, жыйындар жана спорт залдары, эмгек кабинети каралган.

Мектептин курулушу 2026-жылдын март айында башталып, республикалык бюджеттен жана Турукташтыруу фондунан каржыланган.

Учурда мектептин аймагын көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат. Жаңы билим берүү мекемесин жакынкы күндөрү пайдаланууга берүү пландалууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: