"Кыргызтестке" барган мамлекеттик кызматкерлер нааразычылыктарын билдиришти (видео)
Бүгүн, 26-ноябрда социалдык тармактарда "Кыргызтест" тапшырууга кезекте турган жарандардын видеосу тарады.
Мамлекеттик кызматкерлерге кыска мөөнөттө тест тапшыруу талабы коюлгандыктан, мекемеде чоң кезектер пайда болууда. Жарандар мекеменин ичинде орундардын аз болгондугуна нааразылыктарын билдирүүшүдө.
Видеонун автору "келгендердин бардыгы мамлекеттик мекемеде иштегендер" деген билдирүүсүн калтырган.
Белгилей кетсек, 2023-жылдын 17-июлунда кабыл алынган "мамлекеттик тил жөнүндө" конституциялык мыйзага ылайык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер кыргыз тилин белгиленген деңгээлде билүүгө жана аны "Кыргызтест" аркылуу тастыктоого милдеттүү. Бул талап күчөтүлгөндүктөн быйыл он айдын ичинде 37 миң 500 дөн ашуун жаран тест тапшырганы маалым болду.
"Кыргызтест" тапшырууга барган мамлекеттик кызматкерлер
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















