Бишкектин Ак-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектеп жакында пайдаланууга берилет
Бишкек шаарындагы Ак-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулуш иштеринин 95 пайызы аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мектептин жалпы аянты 5257 чарчы метрди түзөт. Эки кабаттуу имарат беш блоктон турат. Анда окуу класстары, лабораториялар, китепкана, ашкана, медициналык бөлмө, жыйындар жана спорт залдары, эмгек кабинети каралган.
Мектептин курулушу 2026-жылдын март айында башталып, республикалык бюджеттен жана Турукташтыруу фондунан каржыланган.
Учурда мектептин аймагын көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат. Жаңы билим берүү мекемесин жакынкы күндөрү пайдаланууга берүү пландалууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:50
2026-11-26
19:10
2026-11-26
18:19
2026-11-26
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















