super.kg logo

Чыңгыз Айтматов проспектинен талапка жооп бербеген 36 жарнама алынды

 

Бишкек шаарынын Ленин районунда тышкы жарнамаларды жайгаштыруу талаптарынын сакталышын текшерүү боюнча рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу кечээ, 26-ноябрда мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара Чыңгыз Айтматов проспектинин боюнда жүргүзүлүп, белгиленген талаптарды бузуу менен орнотулган жарнамалык конструкциялар жана баннерлер аныкталды.

Рейдге Ленин райондук муниципалдык администрациясынын, Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын, архитектура органдарынын жана №105 муниципалдык аймактык башкармалыгынын өкүлдөрү катышты.

Текшерүүнүн жыйынтыгында талаптарга жооп бербеген жалпы 36 жарнамалык конструкция жана баннер демонтаждалды.

Муниципалдык администрациянын маалыматына ылайык, мындай рейддер мындан ары да улантылат. Иш-чаралар шаардын эстетикалык көрүнүшүн жакшыртууга, тышкы жарнамаларды иретке келтирүүгө жана көрктөндүрүү талаптарынын сакталышын камсыз кылууга багытталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: