9-декабрдан тартып мопед жана скутерлерди каттоодон өткөрүү милдеттендирилет
2026-жылдын 9-декабрынан тартып, Кыргызстанда мопеддерди, скутерлерди жана электроскутерлерди мамлекеттик каттоодон өткөрүү милдеттүү болот. Бул тууралу бүгүн, 27-ноябрда Милициянын кайгуул кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, каттоо талабы бензин кыймылдаткычынын көлөмү 50 сантиметр кубдан ашпаган мопеддерге да тиешелүү.
"Мындай өзгөртүүлөр жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында киргизилди. Аларды башкаруу үчүн айдоочудан "А1" категориясындагы айдоочулук күбөлүк талап кылынат. Мындай чаралар көрүлбөсө, 2026-жылдын алгачкы 10 айында Бишкекте мотоцикл, скутер, самокаттардын катышуусунда 372 жол кырсыгы катталды. Анын кесепетинен 19 адам каза болуп, 379 адам жаракат алды",- деп билдирди мекеменин басма сөз кызматы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:50
2026-11-26
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















