Аэропортко бара жаткан жолдо "Тазалыктын" жумушчусун унаа сүзүп кетти
Бишкек шаарынан "Манас" эл аралык аэропортуна бара жаткан жолдо "Тазалык" ишканасынын жумушчусу жол кырсыгынан каза болду.
Чүй облустук ЖКККБнын басма сөз кызматы маалымдагандай, 22-ноябрда Mercedes Benz G-Class үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жолдун ортосун шыпырып жүргөн 66 жаштагы жумушчуну сүзүп алган. Жол кырсыгынан жумушчу окуя болгон жерден каза болду.
33 жаштагы айдоочунун унаасы айып короого токтотулуп, териштирүү иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:51
2026-11-26
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















