Бишкекте мыйзамсыз онлайн-кумар оюндарын уюштургандар кармалды
Бишкекте мыйзамсыз онлайн-кумар оюндарын уюштурган жай аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, оюнчулар Кыргызстандын аймагынан тышкары туруп, уюлдук телефондор аркылуу автоматтарга туташып, акча коюп ойношкон. Кардарлары негизинен чет өлкөлүктөр болгон.
"Тергөөдө компания 2024-жылы каттоодон өтүп, лицензия алганына карабастан, мамлекеттик бюджетке салык төлөбөгөнү аныкталган. Бул факты боюнча 262-беренесине (Кылмыштуу коомдоштукту түзүү же ага катышуу) ылайык, кылмыш иши козголуп, шектүү катары кыргызстандын жана эки чет өлкөлүк жарандар аныкталган. Алар, 1983-жылы туулган А.А., 2002-жылкы С.Г., 2004-жылкы Б.И., ошондой эле, чет элдиктер 1986-жылкы Т.С., 1982-жылы туулган С.М.", - деп кошумчалады мекеме.
Учурда мыйзамсыз кирешелердин көлөмү жана мамлекетке келтирилген зыян такталып, тергөө иштери уланууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















